Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаты Ж. Калмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
19 января 2018
2018-жылдын 19-январында КР БШКнын жыйынында “Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Калмаматов Жыргалбек Айтиевичтин каза болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
