Лейлек жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын резервине өзгөртүүлөр киргилизди

19 января 2018

 2018-жылдын 19-январында  КР БШКнын жыйынында Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Токтом  А. Рахманбердиеванын, А. Темирбаевдин, Х. Турахановдун жана  К. Элетеновдун комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде кабыл алынды.
- Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен А. Рахманбедиева жана Х. Тураханов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды.
- Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен К. Элетенов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылды.


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү