КР БШК 2018-жылдын 28-январына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна карата шайлоо бюллетендерди аймактарга жөнөттү

17 января 2018

2018-жылдын 17-январында «Учкун» басмаканасында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусунда 2018-жылдын 28-январына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоосуна карата Жалал-Абад, Ош, Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына  шайлоо бюллетендери өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абад облусуна 23227, Ош облусуна 18314, Нарын облусуна 2071, Ысык-Көл 2629, Чүй облусуна 40610 бюллетень жөнөтүлдү.

Жалпысынан 86851 бюллетень даярдалып, анын ичинен 64988 мамлекеттик тилде, ал эми 21863 расмий тилде.

“Учкун” ААКсындагы бюллетень даярдоо күн-түнү үзгүлтүксүз жүрүп, анын даярдалышы КР БШК мүчөлөрүнүн жана аппаратын кызматкерлеринин көзөмөлүндө жүргүзүлдү. Ошондой эле, ИИМ жана МУКК кызматкерлери тарабынан коопсуздугу камсыз кылынды.

Шайлоо бюллетендери атайын орнотулган жабдуулар менен “Учкун” ААКсындагы   басылып чыккан бөлмөсүндө сынактан өткөрүлдү.

Шайлоо бюллетени жогорку коргоо даражасына ээ, автоматтык эсептегич урнасы (АЭУ) ар бир бюллетенди окугандай атайын коргоо боегу сүртүлгөн.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү