КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындады

16 января 2018

2018-жылдын 16 - январындагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды:

2018-жылдын 16-январындагы №4 КР БШКнын токтомуна ылайык 2018-жылдын 2 - февралында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө, Ала-Бука районунун Өрүктү, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал, Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдетин Аксы, Ала-Бука, Бакай-Ата жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү