КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана бош калган мандаттарды өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
16 января 2018
2018-жылдын 16 - январында КР БШК өз отурумунда Токмок, Ат-Башы, Талас жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиялырынын кээ бир жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Тактап айтканда:
- Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешиндеги Д. Жокаев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер – дыйкан чарбанын төрагасы В. Кальченкого өткөрүп берилди;
-Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешиндеги М. Жамашев депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер - АКБ “Кыргызстан” банкынын “Чатыр-Көл” филиалынын башкаруучусу Д. Осмоновго өткөрүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Ункур айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу С. Жолдошов ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер - токой чарбасы А. Ускенбаевге өткөрүп берилди;
-Талас облусунун Талас шаардык кеңешинде башка жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кетишине байланыштуу Б. Момунбеков ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер - Фирдаус Трейд” ЖЧК, соода сатык боюнча өкүлү К. Карпековго өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
