КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, саясий партияларга жана ЖМКнын өкүлдөрүнө семинар өттү
15 января 2018
2018-жылдын 13- январында КР БШК Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларында талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоого катышуу жана каржы маселелери боюнча, саясий партияларга жана ЖМК өкүлдөрүнө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү, каржы жана шайлоодогу талаш-тартыштарды чечүү тууралуу семинар өттү.
Семинардын жүрүшүндө төраганын орун басары А. Бекматов шайлоо процессинин катышуучуларына шайлоо мыйзамдарын жана шайлоонун жүрүшүн так аткарып, талаптарды сактоого чакырды.
Семинардын биринчи бөлүгүндө КР БШКнын эксперттери добуш берүүнүн жүрүшү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча кеңири айтып беришти. Ошондой эле, шайлоо компаниялардын каржы маселеси жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол бербөөгө өзгөчө көңүл бөлүндү. КР БШКнын эксперттери негизги мыйзамдын бузулуштарын түрлөрүн аныктап, шайлоодогу талаш-тартыштарын чечүүнүн тартибин карап чыгышты.
Семинардын уюштуруучуларына, эксперттерге саясий партиялардын өкүлдөрү талаштуу жагдайлар боюнча суроолорун берип, проблеммаларды аныктоого жана башка катышуучулар менен аларды талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Семинардын акырына А. Бекматов алдыдагы шайлоо компаниянын жүрүшүндө КР БШК саясий партиялардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болууга даяр экендигин баса белгиледи
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
