Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

08 января 2018

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн башчысы Абылов Руслан Кожоналиевич өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулгандыктан, КР БШКнын 2018-жылдын 8-январындагы отурумунда аталган айыл өкмөт башчысын шайлоо 2018-жылдын 26-январына дайындалды.
Шайлоо саат  9:00дөн 12:00гө чейин  өткөрүлөт, аны мыйзамдарга ылайык уюштуруу жана өткөрүү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү