Көк-Жар жана Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди

08 января 2018

КР БШКнын 2018-жылдын 8-январындагы отурумунда 2017-жылдын 29-декабрындагы  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар, Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Иманалиев Иличбек Абашакирович табылды.
Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Доранов Осмонали Ажолович табылды.


 КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү