Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы жылдык куттуктоосу
31 декабря 2017
Урматтуу кыргызстандыктар!
Урматтуу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди келе жаткан 2018-жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!
Өтүп бара жаткан 2017-жыл Кыргызстан үчүн тарыхый жана маанилүү жыл болду. Кыргыз эли өзүнүн тандоосу менен мамлекет башчысын шайлап, өнүгүү жолунда бара жаткан көз карандысыз эл экендигин дагы бир ирет далилдеди. Болуп өткөн Президенттик шайлоого катышкан 700дөн ашуун эл аралык байкоочулар шайлоонун жыйынтыгына оң баасын берүү менен Кыргызстан демократиянын принциптерине дал келген шайлоону өткөргөндүгүн белгиледи.
Жарандык милдетин так аткарып, Президенттик шайлоого даярдык көрүп жана шайлоону өткөрүүгө кошкон салымыңыздар, добуш берүүгө активдүү катышып бергениңиздер үчүн шайлоочуларга жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө дагы бир жолу терең ыраазычылык билдиребиз.
Жаңы жылыбыз жалпы журтубуз жана өлкөбүз үчүн жаңы бийиктиктерди багынтуунун, өнүгүүнүн жана туруктуулуктун жылы болсун!
Жаңы 2018-жылда Сиздерге бекем ден-соолук, жаңы ийгиликтерди, бакыт, бакубат турмуш, жана ишиниздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова

