Төраганын орун басары шайланды

20 декабря 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 20-декабрындагы КР БШКнын отурумунда “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  7, 8, 18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы  № 16-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентинин 13, 32-беренелерине ылайык КР БШКнын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды.
Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин ылайык, Бош калган төраганын орун басары, тандап алуунун тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Ачык же жашыруун добуш берүү жөнүндө маселени БШКнын мүчөлөрү чечишет.
Ачык добуш берүнүүн жыйынтыгында КР БШК төрагасынын орун басары болуп Эшимов Акылбек Жусупович  шайланды.
БШКнын 9 мүчөсү - "макул", 1-БШКнын мүчөсү “каршы” деген добуш берди.  Ал эми 2  мүчөсү: Арипов Н. Т. жана Абдрахматова А.Б. катышкан жок.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү