КР БШК жергиликтуу кенештин депутаттарын шайлоого жумушчу топтор түзүлдү
20 декабря 2017
2017-жылдын 20-декабрда Кыргыз Республикасынын жергиликтуу кенештин депататтарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында КР БШКда беш жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топтун ишмердиги шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу, талапкерлерге бирдей деңгээлде, акыйкат шарттарды түзүүнү камсыз кылуу, үгүт иштерин жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укугун сактоо, республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөөгө багытталган.
БШКнын чечими менен төмөндөгүдөй Жумушчу топтор түзүлдү:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринини депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу;
- Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ.
Топтун катарына КР БШКнын мүчөлөрү, КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери, эксперттер, мамлекеттик органдарынын, массалык маалымат каражат өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
