КР БШК Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти

15 декабря 2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 12-декабрындагы  ПЖ № 13 Жарлыгына ылайык, кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 28-январына, жекшембиге,  дайындалды.
КР БШК 2017-жылдын 15-декабрында өткөн отурумунда жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону  уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында,  2018-жылдын 28-январына дайындалган Жалал_Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кенешинин, Таш-Көмүр шаардык кенешинин, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кенешинин, Ош облусунун  Араван районунун С. Юсупова айылдык кенешинин,
Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык  кенешинин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кенешинин, Кемин районунун  Кара-Булак айылдык кенешинин, Көк-Ойрок айылдык кенешинин, Москва районунун Александров айылдык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги  иш чараларынын календардык планын бекитти.
Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпы чыгымдардын суммасын  8 292 300 (сегиз миллион эки жүз токсон эки миң үч жүз ) сом түздү.
“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018-жылдын 28-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын   мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп аныктады.


КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү