Башкы Жаңылыктар Коомдук диалог «2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы»

Коомдук диалог «2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы»

Коомдук диалог «2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы»
28-Ноя, 2017

Ала-Арча мамлекеттик резиденцияда «2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгы» аттуу Коомдук диалог болуп өттү.

Диалог  КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен биргелешип  уюштурулду. 

Катышуучуларды КР Президентинин кеңешчиси Абулгазиев М.Д.,  вице-премьер-министр Абдыгулов Т.С.,  КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Сарыбаев Р.Р., КР БШК төрагасы Шайлдабекова Н.К., КР БШК мүчөлөрү, КР Башкы Прокуратурасынын,  КР ИИМ, Бишкектин райондор аралык сотунун  расмий өкүлдөрү,  бир катар коомдук бирикмелердин жана ассоциациялардын жетекчилери жана эксперттер,  жалпыга маалымдоо эл аралык уюмдардын жана миссиялардын  башчылары жана өкүлдөрү, президентке талапкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук жана жарандык активисттер, саясий партиялардын лидерлери куттукташты.

КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө шайлоо процессинин бардык катышуучулардын жылуу куттуктап,  шайлоонун ишенимдүү, акыйкат мыйзамдын алкагында өтүшүн камсыз кылган  шайлоо системасын  реформалоого  катышуучулардын маанилүү ролун баса белгиледи. Өзүнүн бет ачарында Боршайкомдун төрагасы Н. Шайлдабекова, маанилүү компоненттерди баса белгиледи: алар шайлоо тутумун реформалоо мезгилине карата башкы милдет – Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын ишке ашырууну толук камсыздоо: шайлоого активдүү укук жана пассивдүү укук – шайлануу болгон. Шайлоого даярдануу  жана өткөрүү боюнча  мамлекеттик органдар менен, Парламент менен конструктивдүү өз ара аракеттенүү  белгиленген: мыйзам базасын синхронизациялоо, шайлоо учаскаларынын бекитилген чектерин эске алуу менен, шайлоочулардын тизмесин түзүү маселеси ыкчам жана технологиялык жактан чечилген – биринчи жолу TIZME.SRS.KG, мамлекеттик шайлоо порталын ченемдик жактан жөнгө салуу колдонулган, участкалык шайлоо комиссиясынын ишин методикалык-технологиялык жактан камсыздоо маселелери чечилген, БШКнын адистери тарабынан маалыматтык-шайлоо тутумун ишенимдүү иштеши камсыздалган.

БШК төрагасы шайлоо тутумун  реформалоо жана өнүктүрүүгө катышкан эл аралык   жана коомдук өнөктөштөргө: Кыргыз Республикасындагы Европалык Кеңештин, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесин,  IFES шайлоо  тутумунун эл аралык фондусунун, NDI улуттук демократиялык институтунун, IRI эл аралык институтунун, КРдагы KOICA кызматташтыгы боюнча  эл аралык агенттиктин, Венеция комиссиясынын, JICA кызматташтыгы боюнча  япон эл аралык агенттигинин DFID,    Великобритания эл аралык өнүгүү министрлигинин, USAID долбоорунун, “Жарандык платформа”, “Эгль”   коомдук бирикмелеринин, илимий-эксперттик кеңештин, “Таза шайлоо”  ассоциациясынын мүчөлөрүнө жана бир катар эл аралык долбоорлорго, коомдук ассоциацияларга жана бирикмелерге   ыраазылык билдирди.  

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоодо, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк боюнча  шайлоо комиссияларынын участкаларын аудит жүргүзүлдү, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн  - чоңойтулчу лупалар атайын шаймандар сатылып алынды, Брайля шрифти боюнча  трафареттер даярдалды, жакынкы келечекте  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шайлоо комиссияларынын участкаларына жеткиликтүүлүк этаптуу 3 жылдык планы иштелип чыгат.

Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоодо БШК  шайлоочулардын арыздарын жана кайрылууларын кароо боюнча  модул ишке ашырылды, даттанууларды кароо жана кабыл алынган чечимдерге көз салуу мүмкүнчүлүгү жана кабыл алынган чечимдер менен,  шайлоо комиссиясынын бардык денгээли боюнча  даттануулардын жалпы реестри үчүн жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 

Укук коргоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жалпыга маалымдоо каражаттары менен динамикалуу өз ара аракеттенишүү белгиленди. Шайлоону чагылдыруу маселесине жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын баса белгилөө менен, Шайлдабекова Н.К. маалымдоо жана агитациялоо маселесинде шайлоо мыйзамын мынданы ары  жакшыртуу керектегин токтолду: “Шайлоо сөз эркиндигин жөнгө салуучу боло алабы? Биз мына ушуну аныкташыбыз керек.  Кыргыз Республикасынын Конституциясы сөз эркиндигин кепилдейт, ар бир ЖМК өзүнүн редакциялык саясатын түзөт жана шайлоону чагылдырууга активдүү катышат, ал эми бизде болсо мыйзамда кенемте бар, аны четтетүү керек”, - деди.

БШКнын төрагасы шайлоо тутумун реформалоонун ийгиликтүү ишке ашырылышы, шайлоонун жыйынтыгынын ачыктыгын, аныктыгын, тактыгын камсыдаган шайлоонун жаңы моделин жайылтуу – бул, мезгилдин жакшы жетишкендиги экендигин баса белгиледи.

 Сөзүн аяктап жатып, БШКнын төрагасы БШК мындан ары да өлкөнүн шайлоо тутумун реформалоону улантарын, ошондой эле жарандык билим берүү тутумунун кеңири масштабдуу тутумун иштеп чыгуу жөнүндө планы менен ой бөлүштү.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>