КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады
23 ноября 2017
2017-жылдын 23-ноябрындагы КР БШКнын жыйынында Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысы С.Кушчубаев өз арызы менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 11-декабрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин Сокулук айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп өткөрүү милдети Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
