КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды
23 ноября 2017
2017-жылдын 23-ноябрында КР БШК Бишкек, Сокулук жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларындагы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ошентип:
- Бишкек шаардык кеңешинде Э.Шукуров ыйгарым укуктарынан баш тартты. Мандат –«Манас – Менеджмент» ЖАК кеңешчиси С.Абдурахмановго берилди;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айыл кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу А.Биримкуловдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат – пенсионер С.Абдылдаевге берилди;
- Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу С.Султанов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат – убактылуу жумушсуз А.Эсенгуловго берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
