Көңүл буруңуздар! Сайт shailoo.gov.kg тесттик режимде иштеп жатат! Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сын-пикирлерди: pr.shailoo@gmail.com эл.дарегине күтөбүз. Мурунку сайтка өтүү

КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу жана мандаттарды берүү тууралуу токтом кабыл алды

13 ноября 2017

2017-жылдын 13-ноябрында КР БШК Кызыл-Кыя, Ала-Бука, Сузак, Токтогул жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларындагы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Ошентип:
-Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу С. Сулаймановдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-пенсионер А.Караевага берилди;

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Серек айыл кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу С.Тоялиев ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-“KAZ Minerals Bozymchak” ААК ЖЧК ишканасынын айдоочусу Н. Шабаевге берилди;

-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-май айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Касымов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-айдоочу А.Нурматовго берилди;

-Жалал –Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу А.Абдикадировдун ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер Ш.Сатвалдиевге берилди;

-Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу А.Бекишов ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-ДЭУ-30дун башкы инженери Ж.Ысыраиловго берилди;

-Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна

дайындалгандыгына байланыштуу А.Бектемиров ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-кесипчилик лицейинин улук мастери Муталип уулу Бакытбекке берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү