Көңүл буруңуздар! Сайт shailoo.gov.kg тесттик режимде иштеп жатат! Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сын-пикирлерди: pr.shailoo@gmail.com эл.дарегине күтөбүз. Мурунку сайтка өтүү

КР БШК төрагасы “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты

08 ноября 2017

Бүгүн КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова “Жаш-Добуш” долбоорунун отчеттук иш-чарасына катышты.

КР БШК төрагасы көрсөткөн колдоосу үчүн NDI жана USAID эл аралык уюмдпрынат ыраазычылык билдирди, ошондой эле шайлоо реформасын кеңири жайылтууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар тараптуу кызматташууга дайыма ачык экендигин белгиледи.

Бет ачардын жүрүшүндө
Эл аралык мамиле улуттук демократиялык институттарынын Парламенттик программасынын менеджери Э.Адылбековдун айткандарына караганда 20дан ашуун видеороликтер иштелип чыккан, аларды 500 000 көрүүчү, алардын арасында жана 1500 жаш шайлоочу көргөн жана алардын добуштары маанилүү экендиги тууралуу маалымат алышкан.

“Бул жаштардын добушу долбоору шайлоо процессин алдыга жылдырууда коомубузга активдүү салым кошту,”-дейт активист Н.Абылов.

Маалымат:

Бул долбоордун башкы максаты - 2017-жылдын 15-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого жаш шайлоочулардын катышуу деңгээлин жогорулатуу болду.

2017-жылдагы Президенттик шайлоодо онлайн жана офлайн иш-чаралары жана жаш шайлоочуларды добуш берүүгө чакыруу жана алардын добушу маанилүү экендиктери тууралуу ар кандай маалыматтык иш-чаралар иштелип чыкты.

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү