Башкы Жаңылыктар 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Маалыматтык шайлоо …

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Маалыматтык шайлоо системасын (МШС) колдонуунун натыйжалары жөнүндө маалымат

30-Окт, 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 30-октябрындагыжыйынтыктоочу жыйналышынынжүрүшүндө КР БШКнынмаалыматтардыпрограммалык –техникалыккамсыздоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Акимбаев А.Ж. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодоМаалыматтык шайлоо системасын (МШС) колдонуунун натыйжалары жөнүндө маалымат берди.

Маалымат түрүндө: МШС комплекси төмөнкүлөрдөн турат:

- шайлоо участокторунда турган, шайлоо бюллетендерин кабыл алууну жана эсептөөнү камсыз кылган автоматтык –эсептөөчү урналардан (АЭУ). Добуш берүү аяктагандан кийин АЭУдагы модемдин жардамы менен БШКнын серверине маалыматтарды берүү жүрөт.

- милдети АЭУдагы маалыматтарды чогултуу жана сактоо болуп эсептелген БШКнын серверинен.

- добуш берүүнүн жыйынтыктарын чагылдырган БШКнын МШС сайты.

1. КР Президентин шайлоонун жүрүшүндө МШС колдонуу үчүн АЭУну даярдоо жана тестирлөө боюнча иш жүргүзүлгөн, ал аяктагандан кийин шайлоо комиссияларына ар бир УШКга 2 ден (негизги жана резервдик) эсебинде 5370 даана АЭУ жана резерв үчүн АШКга 20% берилген.

2. Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санынан ар бир участокко АЭУнун 2 оператору эсебинде АЭУнун 4750 оператору октуудан өткөрүлгөн.

3. Андан тышкары, БШК тарабынан МКК менен биргеликте техникалык үзгүлтүктөр болгон учурда ыкчам техникалык жардам көрсөтүү үчүн 500 адистен турган Техникалык колдоо көрсөтүү тобу түзүлгөн жана окутуудан өткөрүлгөн.

Тестирлөө жүргүзүү мезгилине жана добуш берүү күнүнө АЭУнун операторлору үчүн техникалык маселелер боюнча кеңеш берүү, үзгүлтүктөргө өз убагында жооп берүү жана техникалык колдоо көрсөтүүчү адистерди жиберүү үчүн МКТ Башкармалыгынын кызматкерлеринин санынан 13 адамдан турган Call-борбор түзүлгөн.

4. Добуш берүү күнү АЭУдеги техникалык көйгөйлөр жөнүндө 62 сигнал катталган. Алардын ичинен тактоонун жүрүшүндө 26 учурда гана техникалык себептер болгондугу, 36 учурда – көйгөй операторлор тарабынан туура эмес тейлөөдөн улам келип чыккандыгы аныкталган.

55 АЭУ резервдегиге алмаштырылган, 7 ТКК адистери тарабынан жардам көрсөтүлгөндөн кийин ишке кирген.

Добуш берүү күнү техникалык мүчүлүштүктөн улам 3 УШКда: 5321 УШКда (Ош АШК), 8161 УШКда (Кызыл-Кыя АШК), 5268 УШКда (Кара-Суу АШК) стационардык (тунук) үкөктөр колдонулган. ТККнын адистери АЭУнун ишин калыбына келтиргенге чейинучастокто шайлоочулар абдан көбөйүп кеткендиктен, УШК АШК менен биргеликте добуш берүүнү стационардык үкөктөрдүнжардамы менен улантуу чечимин кабыл алышкан.

Бардык 3 УШКда АЭУнун бузулушуна каттоосу жокко чыгарылган талапкерлерди тизмеден туура эмес чийүү себеп болгон.

5. МШСнын байланыш каналдарыүзгүлтүксүз иштеген жана АЭУдан маалыматтар токтоосуз келип турган.

Добуш берүү күнү системдик администраторлор тарабынан 10:00, 13:00, 17:00 саатта маалыматтык шайлоо системасына добуш бергендердин саны жөнүндө маалыматтар киргизилип турган жана киргизилгенден кийинки 35-40 минутанын ичинде МШСнын сайтына чагылдырылып турган.

Шайлоо аяктагандан кийин 22:30 саатта БШКнын борбордук серверине дээрлик 90 ; автоматтык эсептөөчу урналардын маалыматтары келип түшкөн, алар автоматтык түрдө МШСнын сайтына чагылдырылып турган.

Маалыматтарды берүүнүн башталышына, алгачкы 10 минута ичинде (21:10) 1012 АЭУдан (42,6%), 21:00 – 1980 (84%га жакын), 22:00 – 2135 (89,9%), ал эми 23:30 – 2200 (92,6%) маалыматтар келип түшкөн (графикти кара).

Кол менен эсептөөнүн натыйжалары да протоколдордун УШКдан АШКга келип түшүүсүнө жараша МШС сайтында таблица форматында толугу менен чагылдырылып турган.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарандарга максималдуу айкындуулукта жана ыкчам жеткирип туруу максатында БШКнын адистери тарабынан УШКнын документтеринин графикалык көчүрмөсүн АЭУнун жардамы менен чогултуунун жана аларды БШКнын сайтына чагылдыруунун системасы иштелип чыккан. Аталган программа документтердин башка түрлөрүнүн көчүрмөлөрүнберүү жаначагылдыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Добуш берүүнүн натыйжаларын Кыргызстандын географиялык картасында чагылдыруу боюнча программа иштелип чыккан. Добуш берүүнүн жыйынтыктары картанын тандалган масштабына жараша: бүткүл республика, область, АШК боюнча чагылдырылды. (Картадан тийиштүү аймакты тандап алып, келүүнүн, талапкерлерге берилген добуштарды автоматтык жана кол менен эсептөөнүн натыйжаларын областтар, АШК жана УШК боюнча көрүүгө болот. Ошондой эле курсор менен керектүү аймакты тандап алып, ар бир талапкер боюнча натыйжаларды областтар боюнча да көрүүгө болот).

Аталган программалар өз алдынча хостингде жайгашкан жана атайын иштелип чыккан программа аркылуу МШС менен сихрондошкон маалыматтардын базасына ээ.

Ошондой эле статистикалык отчеттордун ар кандай түрлөрүн түзүү жана аларды пайдалануучуларга берүү үчүн программалык камсыздоо иштелип чыккан. Аталган программанын жардамы менен иштелип чыккан отчеттор БШКда кол менен эсептөө протоколдорун кабыл алуу учурунда колдонулган.

6. МШС комплексинин үзгүлтүксүзишин жана анын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо боюнча программалык-аппараттык системалар жана сервердик жабдууларштаттык режимде иштеди.

Интернет-мейкиндиктеги МШСнын сайтына кирүү аталган веб-сайттын бардык кирүүчүлөрүнө үзгүлтүксүз жана «катып калуусуз»уюштурулду. Кирүүнүн эң жогорку чеги 15-октябрда 20:00 сааттан 22: 22 саатка чейин туура келген – 0,06 секунда ичиндеги жооп берүүдө (үн кошуу) минутасына – 519 чакырык болгондугу байкалган.

Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн маалыматтык коопсуздук саясаты боюнча Саясат жана Регламент иштелип чыккан жана КРнын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан бекитилген.

1-октябрдан 14-октябрды кошкондо БШКнын серверине39584 жолу кибер-чабуул (бузуу аракеттери) жасоо аракеттери жасалган, ал эми 2017-жылдын 15-октябрындагы добуш берүү күнүндө – 80013 жолу жасалган.Системага кибер-чабуул жасоо аракеттеринин эң жогорку чеги 2017-жылдын 15-октябрында 21:05 сааттын терегинде катталган жана аталган убакыт ичинде – 18 358 чабуул жасалган (графикти кара). Кибер-чабуулдар дүйнөнүн 26дан ашуун өлкөлөрүндө жасалган. Бардык чабуулдар МШСны коргоо системасы тарабынан ийгиликтүү мизи майтарылган.

 

КР БШКнын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>