Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан шайлоочулар Ассоциациясы” Коомдук Бирикмесинин президенти Б.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартты

30 октября 2017

2017-жылдын  30-октябрында КР БШК  “2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо процессинин катышуучуларынан келип түшкөн арыз жана даттануулар, кайрылуулары жөнүндө” маселени кароодо  “Кыргызстан шайлоочулар Ассоциациясы” Коомдук Бирикмесинин  президенти Б.Керимбековдун Жогорку Кеңештин депутаттары К.Бокоев, А.Шыкмаматов, А.Токторовду административдик жоопкерчиликке тартуу жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековго жана Ө.Бабановго карата жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө арызын канааттандыруудан баш тартты.
Ошондой эле КР БШК  Т.Уметалиеванын  БШК чечимине карата  арызы боюнча  соттордун  чечимдери  тууралуу маалыматты эске алды.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү