КР Жогорку соту Т.Уметалиеванын арызы боюнча Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды

30 октября 2017

2017-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Бишкектин райондор аралык сотунун Т.Үметалиеванын КР БШКнын 2017-жылдын 23-октябрындагы №111 чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин күчүндө калтырды.

Мурун райондор аралык сот Т.Уметалиеванын жана жоопкердин далилдерин жана материалдарын изилдеп көрүп, 2017-жылдын 23-октябрындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу жана далилдүү экенин көрсөтүп, Т.Уметалиеванын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октярындагы чечимин жокко чыгаруу арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Уметалиева Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жокко чыгарууну жана Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 2017-жылдын 19-октябрында Т.Уметалиеванын арызын канааттандыруудан баш тартылган.

Т.Уметалиева Бишкек АШКсынын чечими боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызданган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-октябрындагы чечими менен Т.Уметалиеванын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жана Бишкек шаарындагы 27 кошумча шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартылган.

Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими боюнча кенен маалымат бул жерде (кийинки релизге шилтеме).

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү