КР БШК төрагасы IFES өкүлдөрү менен келечектеги кызматташууну талкуулашты

КР БШК төрагасы IFES өкүлдөрү  менен келечектеги кызматташууну талкуулашты

26 октября 2017

2017-жылдын 26-октябрында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Шайлоо системасы эл аралык IFES фондунун өкүлдөрү менен жолугушту, анда Кыргыз Республикасында шайлоо системасын жана шайлоо укугун өркүндөтүү боюнча талкуу болуп, бул багытта биргелешип аракеттенүү боюнча маселелерди талкуулашты.

IFESтин программалык улук менеджери Энтони Бойердин билдиргенине караганда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жогорку деңгээлде өттү, фонд мындан ары эки тараптуу кызматташууну кеңейте беришээрин жана шайлоо системасын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Жолугушууга IFESтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Рената Левовски жана программалык менеджер Александр Орехов катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова шайлоо системасын өркүндөтүүдө бир катар долбоорлорду колдоп бергендиги жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн фонддун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал, шайлоо системасы эл аралык фонду менен кызматташуу жакшы натыйжаларды бере тургандыгын белгиледи.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү