Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ЕККУ демократия институттары жана …

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун Миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун  Миссиясынын өкүлдөрү менен жолукту
26-Окт, 2017

2017-жылдын 25-октябрында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекованын Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоого байкоочулук  жүргүзгөн  ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун  эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы, элчи Александр Кельчевский менен жолугушуусу болду.  

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо байкоочулук иштеринин аякташына байланыштуу ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун  эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы, элчи Александр Кельчевский  жемиштүү кызматташкандыгы жана шайлоо учурунда көрсөткөн жардамы үчүн  Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирди.

«Шайлоо учурунда мени менен чогуу иштеген коллегаларым жана мен Борбордук шайлоо комиссиясына биздин байкоочулар ээн эркин катышкан  ачык өткөргөн жыйындары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле биздин байкоочуларды аккредитациядан өткөргөнгө жардам бергениңерди баалайбыз. ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун  эл аралык байкоочулар Миссиясы өз ишин Кыргызстанда 2 ай мурун баштаган, азыр биз арыздар боюнча жолугушууларыбызды аяктап, Миссиянын жыйынтыктоочу отчетун даярдап жатабыз”-деп билдирди А.Кельчевский.

Өз кезегинде КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун  эл аралык байкоочулар Миссиясынын ишине ыраазычылык билдирип, алардын обьективдүү баалары, сунуштарынын маанилүү экендигин баса белгиледи. 

 «Өзүңүздөр билгендей 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча  Сиздер берген сунуштар боюнча иштер жүрдү. Биз партиялар, коомдук уюмдар менен коомдук диалог форматында  иштеп, сиздер берген сунуштардын баары эске алынды. Сиздердин берген отчет обьективдүү, негизделген жана биздин мамлекетке пайдалуу болот деп ишенебиз,”-деп билдирди КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова.

Жолугушуунун аягында ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун  эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы мындай деди: “Биз бере турчу сунуштар, тиешелүү шарттарды эске алуу менен шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталып, мамлекеттик органдарга гана эмес, жана саясий партияларга, коомдук уюмдарга  да тиешелүү болот”.

Ошондой эле, элчи  А.Кельчевский жергиликтүү байкоочулардын жигердүү иштерин белгилеп, жергиликтүү байкоочулардын билимин өркүндөтүү максатында аларды башка мамлекеттерге эл аралык байкоочу катарында  жиберүү керектигине токтолду.  

Тараптар болуп өткөн шайлоо эл аралык байкоочулар тарабынан жакшы бааланып, демократияны бекемдөөдө алдыга карай кадам болгонун жана Кыргызстандагы демократиялык шайлоону өткөрүүдө демократиялык принциптерди өркүндөтүү болгонун белгилешти.

Жолугушуунун аягында КР БШК төрагасы  жана ЕККУ демократия институттары жана адам укугу боюнча Бюросунун  эл аралык байкоочулар Миссиясынын башчысы мындан ары  кызматташуу жемиштүү жана натыйжалуу болоорун  айтышты.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>