Башкы Жаңылыктар КР БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Үметалиеванын …

КР БШК  КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Үметалиеванын арызын канаатттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды

23-Окт, 2017

2017-жылдын 21-октябрында КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Үметалиевадан (мындан ары–арыз ээси) Бишкек АШКнын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз келип түштү.

Арыз ээси 2017-жылдын 19-октябрында Бишкек АШКсы № 24/7 чечими менен Бишкек  боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан  № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартканын көрсөткөн.

Өз арызында арыз ээси Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы чечимин жокко чыгарууну жана Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участокто: № 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан  № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн.

Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз, даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу арызды арыз ээсинин ишенимдүү адамдарынын катышуусунда өзүнүн жыйналышында карап чыгып, Бишкек аймактык комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечимин төмөнкү негиздер боюнча мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.

Арыз ээси участкалык шайлоо комиссиялар аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан уюштурулат деп белгилейт. 

Өзүнүн далилдерин негиздөө үчүн арыз ээси шайлоо участоктору аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлөөрүн көрсөткөн. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы № 8/1 чечими менен 27 шайлоо комиссиясы түзүлгөн.

Өз кезегинде, Борбордук шайлоо комиссиясы 2017- жылдын 31-июлунда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 8/1 чечимин бекитүү жөнүндө” № 301 Токтомун бекиткен.

Бирок арыз ээсинин пикиринде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө чечими болгон эмес, аймактык шайлоо комиссиясынын кошумча шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө чечими болгон.

Көрсөтүлгөн далилдерге байланыштуу арыз ээси 27 кошумча шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табууну өтүнгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы № 177 токтому менен бекитилген “Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө” Нускаманын 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан кошумча шайлоо участоктору түзүлүшү мүмкүн.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын2017-жылдын 27-июнундагы № 8/1 чечими менен Бишкек шаарынын аймагы боюнча кошумча шайлоо участоктору түзүлгөн.

Көрсөтүлгөн чечим ички миграцияга байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары-конституциялык Мыйзам) 13–беренесине ылайык, Бишкек шаарында туруктуу жашаган дареги боюнча каттоосу жок жана добуш берүү күнү катталган жери боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандардын шайлоону өткөрүүгө катышуу шарттарын камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын аталган чечими Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын  31-июлундагы № 301 токтому менен бекитилген. Аталган токтомдун 2–пункту менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кошумча шайлоо участокторунун курамдарын түзүү тапшырылган.

Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2017- жылдын 31-июлунда № 302 токтом кабыл алынган. Аталган токтомдун 2-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарындагы кошумча шайлоо участокторунун дарегин бекиткен.

Аталган токтомдун 4-пунктуна ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 2017-жылдын 10-августуна  чейинки мөөнөттө кошумча участоктордо участкалык шайлоо комиссияларын түзүү тапшырылган. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-июлундагы № 301 токтому Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынганын, мыйзамдуу күчкө киргенин, конституциялык Мыйзамда каралган мөөнөттө эч ким тарабынан даттанылбаганын белгилей кетүү керек.

Жогоруда баяндалгандарды эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча участоктордогу участкалык шайлоо комиссияларынын курамы Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын ченемдери менен толук ылайыктуулукта түзүлгөн деп эсептейт. 

Арыз ээсинин Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызына карата Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүлөрдү белгилейт:

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы төмөнкү учурларда шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бузуулар орун алса;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында, шайлоочулардын эрктерин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса;

3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;

4) соттун чечими боюнча.

5) эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылса.

Мында тартип бузуулар деп шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгын так аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген добуш берүүнүн, добуштарды саноонун, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүүнүн тартибин бузуулар, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын анык белгилөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.

Мында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы арыздануучу тарабынан Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участоктордогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз боло ала турган далилдер келтирилбегенин белгилейт. Андан тышкары, арыздануучу тарабынан аталган 27 кошумча участоктор боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө жөнүндө чечимдери даттанылган эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесин, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы № 212 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө» Жобону, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 10-июлундагы № 217 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо боюнча Жумушчу тобу жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобунун чечимин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими  менен Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечими күчүндө калтырылды. КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Т. Үметалиеванын Бишкек АШКнын 2017-жылдын 19-октябрындагы № 24/7 чечимин жокко чыгаруу жана Бишкек ш.№ 1060тан № 1067ге чейин, № 1160тан  № 1166га чейин, № 1260тан № 1264кө чейин, № 1360тан№ 1366га чейин 27 кошумча участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө арызын канааттандыруудан  баш тартылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>