КР БШК расмий сайтка Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмесин жайгаштырды

24 октября 2017

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 37-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо катышкан шайлоочулардын тизмесин расмий сайтка жайгаштырды.

Шайлоочулардын тизмеси   КР Президентин шайлоо-2017-шайлоо бөлүгүндөгү https://www.shailoo.gov.kg/ru/ дареги боюнча КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылды.

Ошондой эле конституциялык  Мыйзамдын 35-беренесиндеги 23-пунктуна ылайык, шайлоочулардын мөөр  менен күбөлөндүргөн тизмеси (же анын көчүрмөсү) участкалык шайлоо комиссияларынын имаратынын кире беришиндеги такталарга  илинди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү