КР БШК Чүй облусундагы 7 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды

20 октября 2017

Чүй облусунда жалпысынан 9 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Токмок жана Ысык-Ата.

Бугүнкү күндө Чүй облусунун 9 АШК ичинен 7 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Чүй жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары.

Борбордук шайлоо комиссиясы Сокулук жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.

Чүй облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 491 032, алардын ичинен шайлоого – 251 039 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 51,12% түзөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү