КР БШК Ысык-Көл облусундагы 3 АШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорун кабыл алды

20 октября 2017

Ысык-Көл облусунда жалпысынан 7 аймактык шайлоо комиссиялары бар: Балыкчы, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Каракол, Тоң жана Түп.

Бугүнкү күндө Ысык-Көл облусунун 7 АШК ичинен 3 аймактык шайлоо комиссиялары КР БШК протоколдорун өткөрүп берди. Алар: Ак-Суу, Ысык-Көл жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары.

Борбордук шайлоо комиссиясы Балыкчы, Каракол, Тоң жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну улантууда.

Ысык-Көл облусу боюнча жалпы шайлоочулардын саны – 259 118, алардын ичинен шайлоого – 141 400 жаран катышкан, бул облус боюнча шайлоочулардын 54,57% түзөт.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү