Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алууда

20 октября 2017

18-октябрдан баштап Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиялардан  тиешелүү аймактардагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдорду  кабыл алууда.

Шайлоо комиссиясынын системасында шайлоо учурунда район жана шаардын деңгээлинде түзүлгөн  Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, ОШ, Жалал-Абад жана Чүй облустарында Бишкек жана Ош шаарларында 54 аймактык шайлоо комиссиялары иштеди.

Бугүнкү күндо 54 аймактык  комиссияларынан 32 аймактык комиссияларынын протоколдорун тапшыруу аяктады.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү