Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

19 октября 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 19-октябрындагы жыйынында 2017-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди.
Ошентип:
-Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп Козубаев Кутугали Колчакович;
-Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Бекишев Абдыбек Дүйшебекович;
-Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп  Кочорбаев Уланбек Сапарбекович таанылды.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү