КР БШК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

19 октября 2017

2017-жылдын 19-октябрындагы  КР БШКнын  жыйынында Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз  районунун  Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө  чечим  кабыл алынды. 
Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Чыныбаев өз арызы менен  ээлеген кызматынан бошотулган.
Ушуга  байланыштуу 2017-жылдын 6-ноябрында  саат  9:00дөн 12:00гө чейин Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү