Башкы Жаңылыктар Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо

18-Окт, 2017
Участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулардын добуштарын кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. УШКнын жыйынтык отурумундаУШКнын катышып олтурган бардык мүчөлөрү кол койгон УШКнындобуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу эки нускада түзүлөт, мөөр менен күбөлөндүрүлгөндобуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун көчүрмөлөрү добуштарды эсептөө учурунда катышып олтурган ар бир адамга берилет. Ошону менен бирге УШКнын жыйынтык отурумундадобуш берүүнү өткөрүүнүн жүрүшүндө келип түшкөн бардык арыздаржана даттануулар милдеттүү тартипте каралат. УШКнынпротоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн отурумдарында Президентти шайлоодогудобуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюунун алдында аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтык отурумду өткөрөт, анда добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунтүзүүгө байланыштуу комиссияга келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор бүткүл шайлоо документтерименен бирдикте тез арада Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
БШК добуш берүү күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт. БШК келип түшкөн протоколдордун маалыматтары, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө маалыматтар киргизиле турган КР Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколду, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун суммалыкмаалыматтары боюнча жыйынды таблицаны түзөт.
Добуш берүүгө катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө
18-Ноя, 2026

Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө

Бүгүн, 18-ноябрда, өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.Тестирлөө өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогун, ошондой эле Бишкек шаарындагы «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участокко барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөтүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.Тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
17-Ноя, 2026

КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташтык «Жаштардын тандоосу - келечек биздин колубузда» аттуу билим берүү демилгесин ишке ашырууга багытталган.Программа студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган. Ал 2026-жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп, борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студентти камтыйт.Катышуучуларды шайлоо мыйзамдары, шайлоо укуктары жана добуш берүү жол-жоболору боюнча лекциялар, семинарлар жана практикалык сабактар, ошондой эле медиасабаттуулук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча тренингдер күтөт. Программанын жыйынтыгында университеттер аралык сынак өткөрүлүп, анда студенттерден түзүлгөн сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.Бул жаштар демилгесинин автору жана демилгечиси - Rise Up Kyrgyzstan тобу. Анын өкүлдөрү демилгенин концепциясын иштеп чыгып, иш-чаралардын календардык планын даярдап, кызматташуу сунушу менен КР БШКга кайрылышкан.Меморандумга БШКнын алдындагы ЖБШТБнын директору Анара Бейшембаева жана Rise Up Kyrgyzstan тобунун жетекчиси Нурмира Мурзакматова кол коюшту.«Жаштардын шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө болгон умтулуусун кубаттайбыз. Бул демилгенин өзгөчөлүгү - аны жаштардын өздөрү иштеп чыгышкан. Борбор зарыл болгон эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр», - деп белгиледи А. Бейшембаева.«Жаштар ишенимдүү маалымат алып, өздөрүнүн жарандык укуктары менен милдеттерин билип, коомдук турмушка аң-сезимдүү катышуусу биз үчүн маанилүү. Биздин демилгебиз колдоо тапканына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Н. Мурзакматова.2026-жылдын ноябрь айында Rise Up Kyrgyzstan тобу аталган демилгени Берлин шаарында өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму демилгеге кызыгуу билдирип, аны эл аралык аудиторияга чыгарууга сунуштаган.Тараптардын кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуулук, өз ара урматтоо, ачыктык жана саясий бейтараптуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Демилге билим берүү мүнөзүнө ээ.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам ат салышууда.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>