Борбордук шайлоо комиссиясына 791 кайрылуу келип түшкөн

18 октября 2017

16-августтан 18-октябрга чейин Whatsapp каналы аркылуу  0(770)660240 номерине Кыргыз Республикасынын жарандарынан 791 кайрылуу, анын ичинен шайлоочулардын тизмесинен тактоо катары 335 смс билдирүү, жакшы иштер үчүн 36 алкыш, 30 суроо  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерге тийиштүү болгон, 43 суроо чет мамлекеттердеги шайлоонун жол-жоболоруна байланыштуу келген, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерине байланыштуу 32 суроо,  КР Борбордук шайлоо комиссиясынын милдетине кирбеген 111суроо, уюштуруу иштерине байланышкан 82 суроо, жана 122  форме 2 боюнча берилген.
Келип түшкөн суроолордун көпчүлүгү сурап-билүү максатында берилген.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү