Армения БШК катчысы Армен Смбтян:”Бизде азырынча добуштардын жыйынтыгын кол менен саноо салты сакталып турат”
16 октября 2017
Бугүн, 16-октябрда КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова менен Армения Республикасынын БШК катчысы Армен Смбтяндын жолугушуусу болду. Анда тараптар Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы жана эки мамлекеттин БШКларынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө маселелерди талкуулашты.
Армения Республикасынын БШК катчысы Армен Смбтян шайлоо процессинде технологияны колдонуунун жакшы жыйынтыктары жана шайлоону жогорку деңгээлдеги уюштургандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясын куттуктады.
«Добуштарды 35 мүнөттүн ичинде саноо мүмкүнчүлүгү коомдогу чыңалган абалды төмөндөтөт. Бизде азырынча добуштарды кол менен саноо салты сакталып жатат. Ошол эле учурда биз акыркы шайлоодо шайлоо участкаларында онлайн транцлация уюштурдук. Сиздерде добуш берүүнү участкалардан тышкары уюштуруу деген жакшы механизм бар экен. Бизде үйдө эмес, бир гана ооруканаларда добуш берүүгө болот”-деп белгиледи Армен Смбтян.
Тараптар ошондой эле шайлоо процессин уюштуруу жана шайлоо технологиясынын ар түрдүү аспектилери боюнча пикир алышты.
Жолугушууда БШКлар ортосунда тажрыйба алмашуу, эки өлкөдө шайлоо процессин өркүндөтүү тууралуу келишимди кеңейтүүгө жетишилди. Армения тарап БШК төрагасы Н.Шайлдабекованы жакынкы шайлоодо байкоочулардын миссиясы менен Арменияга келип кетүүгө чакырды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
