КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучуларынан арыздар түшкөн жок

16 октября 2017

КР Борбордук шайлоо комиссиясы,   «24.kg» интернет-басылмасындагы  «Не просто совпадение, что 300 тысяч граждан проголосовали по форме №2» деген маалымат  боюнча билдирет.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында  ess.shailoo.gov.kg, ар бир шайлоо участокторундагы шайлоочулардын добуштарын алдын ала саноонун жүрүшүн чагылдырган материалдар берилип турду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 2017-жылдын 15-октябрындагы  саат 20:00дө 38 851 шайлоочунун ичинен 24 381 (62,76 пайыз) шайлоочу добуш берген, алдардын ичинен С.Жээнбеков үчүн  23 758 шайлоочу, Ө.Бабановго 316, А.Мадумаровго 196, А.Бекназаровго 18, Т.Масадыковго 3  шайлоочу добуш берген. 

Э.Зарлыков, Т.Уметалиева Т.Сариев, У.Кочкоров, А.Абдылдаев бирден добуш алган. Бардыгына каршы 9 шайлоочу добуш берген.

Шайлоо жана референдумга даярдык жана өткөрүүнүн жүрүшүндө администрациялык укук бузуулар жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын  протоколунун  формасын  түзүүнүн тартиби жөнүндө Нускамага ылайык,   административдик укук бузуулар  туурасында фактылар табылган учурда АШК төрагасы тарабынан  шайлоо мыйзамын бузгандык боюнча акт түзүлөт.

Кара-Суу районун шайлоо участокторунда укук бузуулар болду деген маалымат боюнча, БШК, Кара-Суу районун АШКсынын атайын өкүлүнүн маалыматына ылайык, арыз (даттануулар) келип түшкөн эмес.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү