БШК:Шайлоочулар шайлоо участокторуна өздөрүнүн ручкалары менен келсе болот
15 октября 2017
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктар шайлоо участкаларына өздөрүнүн ручкалары менен келүүгө укуктуу экенин билдирет. Бир катар ЖМКларда жана социалдык тармактарда “жазуулары өчүп кеткен” ручкаларды колдонуу тууралуу маалыматтарга карата төмөндөгүлөрдү билдирет.
Шайлоо участкаларында жазуулар жана тактары өчүп кетпеген атайын маркерлер колдонулат. Эгерде шайлоочу бул маалымат боюнча күмөн саноосу бар болсо, алар өздөрүнүн ручкалары менен добуш берүүгө келсе болот.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
