Өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таппаган 16 шайлоочу тууралуу маалымат аныкталган жок
15 октября 2017
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы аппаратынын басма сөз кызматы тараткан, “Талас облусундагы Бакай-Ата районунун №6053 шайлоо участкасында 16 шайлоочу өздөрүнүн аты жөнүн шайлоочулардын тизмесинен тапкан жок жана УШК төрагасына арыз жазды” деген материал боюнча КР БШК төмөндөгүлөрдү билдирет.
Бул маалыматты изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча мындай фактылар аныкталбаганын билдиребиз.
№6053УШК төрагасынын атына шайлоочулардан арыз түшкөн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымттык бөлүмү
