“Демократия үчүн жана жарандык коом” коалициясынын УШКнын мүчөлөрү шайлоочулардын кош тизмесин түзүп жатат деген маалыматы далилденген жок

15 октября 2017

15-октябрдагы  «24.kg»интернет-басылмасында саат  15:49да УШК мүчөлөрү кош тизме жүргүзүп жатат деген маалымат жайгаштырылган.

КР БШКнын ыкчам жыйынтык чыгаруу боюнча координациялык тобу оперативдүү түрдө тийиштүу текшерүүлөрдү жүргүздү жана бул маалымат чындыкка дал келбей турганын аныктады.

Мындан тышкары №1360 УШКда “Демократия үчүн жана жарандык коом” коалициясынын өкүлдөру жок болуп чыкты.

Шайлоо процесси КР “Кыргыз Рсепубликасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын бардык нормаларына  ылайык  өтүп  жатат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү