Добуш берүү башталгандан бери КР БШКнын коомдук кабылдамасына 78 телефон чалуулар болгон

15 октября 2017

Бугүн, 2017-жылдын  15-октябрында КР БШКнын Коомдук каблдамасына  саат 8:00дөн бери 78 телефон чалуулар болгон.

Телефон чалуулар  төмөндөгүдөй болуп бөлүндү:

-13 адам форма 2 боюнча башка шайлоо участкасынан добуш берүү маселелси боюнча,
-7 адам байкоочулардын укугу жана милдеттери тууралуу,

-13 адам шайлоочулардын тизмесинде жок экенин, 
-17 адам шайлоо участкасынын дарегин тактады, 
-1 адам үгүт жүргүзүү эрежесинин бузулушун билдирди,
-1 адам шайлоонун купуялуулугунун бузулушу тууралуу  маалымдаган.

Калган телефон чалуулар КР БШКнын милдетине кирбеген, айрым шайлоочулардын даректери, өзүнүн УШКсына баруучу маршрутту тактагысы келген суроолорду беришкен.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү