Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок шаарындагы кырдаал боюнча билдирет

15 октября 2017

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Чүй облусунун Токмок шаарындагы добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу тууралуу маалыматты тактады.

2017-жылдын 14-октябрында Токмок шаарында белгисиз адамдар добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратуу максатында шайлоо участкасы электр энергия алган  электр көмөкчордонунун майын куюп алууга аракеттенгени тууралуу маалымат түшкөн. Ички иштер органынын  кызматкерлери бул укук бузууну убагында токтотуп калышты.

15-октябрда бардык шайлоо участкалары штаттык режимде иштеп жатат.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү