Башкы Жаңылыктар Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо …

Бүгүн, 2017-жылдын 15-октябрында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү башталды

15-Окт, 2017

 КР БШКнын басма сөз борборунда өткөн басма сөз жыйынында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова КР Президентин шайлоодо бардык  шайлоо участкаларында добуш берүү жүрүп жаткандыгын билдирди. Н.Шайлдабекова республиканын аймагында 2375 шайлоо участкалары ачылгандыгын, анын ичинде республикадан тышкары жерлерде 37 шайлоо участкалары жана кошумча 33 шайлоо участкалары ачылгандыгын эске салды.

Шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 025 миң 786 адамды түзөт.

«Бардык шайлоо участкалары добуш берүүгө даяр болгон. Үзгүлтүксүз телефон байланышы жана Интернет, керектүү техникалар коюлган. Добуш берүү күнүнүн алдында бардык шайлоо участкасына 5 370 автоматтык саноо урналары (АСУ) 5 370 жеткирилген, булардын ичинен ар бир УШКга 2 ден АСУ туура келет. Ал эми 20 пайыз АСУ АШКларда резерв катары жеткирилген,”-деп айтты КР БШК төрагасы.

500 адистен турган техникалык топ АСУ жана идентификация жабдууларын техникалык колдоо боюнча иш алып барат, техникалык суроолор боюнча Колл-борбор түзүлгөн, 1 255 кыска номерине чалуу бекер.

“Добуштарды сатып алуу деген көйгөй бар,” - деп билдирд  БШК төрагасы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. “Кечээ буга окшогон бузуулар катталды. Бузуулар даярдоо этабынын учурунунда да болгон. Мен бардык шайлоочуларга кайрылгым келет. Шайлоонун тазалыгы сиздерге гана байланыштуу. Шайлоонун жыйынытыгын бурмалоого эчкандай мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле кимге добуш бергениңди билип алабыз деген чындыкка коошпогон кептер бар. Албетте бул жалган сөз. Мамлекет шайлоонун купуялуулугуна кепилдик берет,”-деп баса белгиледи Н.Шайлдабекова.

 

Бузуулар менен укук коргоо органдары иш алып барат, бирок, ыкчам чара көрүү боюнча БШК жана укук коргоо органдары координациялык топ түзүштү. “Алардын биринчи милдети коомдук тартипти камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу болуп саналат,”-деп айтты төрага.

Кыргыз  Республикасынын  Президентин шайлоонун жүрүшүнө  дүйнөнүн 58 мамлекетинен аккредитацияланган эл аралык 700дөй  байкоочу көз салат. Алардын арасында биринчи жолу ден соолугу боюнча  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан да байкоочулар бар.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүткө катышууга 258 ЖМК БШКдан аккредитациядан өткөн. Алардын ичинен 114 гезит-журнал, 55 телекомпания, 31 радио жана 58 интернет-басылма бар.

 

Ар бир шайлоочу же шайлоо процессинин башка катышуучусу шайлоо участкалардагы добуш берүүдө шайлоо процессинин бузулушу жөнүндө БШКга төмөндөгү даректер менен билдирсе болот: 

  • түз байланыш:1255 (чалуу бекер)
  • коомдук кабылдама  Бишкек ш. – 0(312) 66 02 40, 0(312)620141
  • факс: 0312 62 08 23
  • коомдук кабылдама Ош ш. - 0(3222) 55550

моб.тел.: 0552 604179, 0772 604179

WhatsApp:0550 119 852

  •  

Ошондой эле электрондук дарекке кат түрүндө жөнөтсө болот:KGOR.TSIK@gmail.com

 

Добуш берүү күнү  «ОРИОН» бизнес-борборунда КР БШКнын пресс-борбору иштейт. Пресс-борбор эл аралык жана коомдук байкоочуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын өкүлдөрүн, шайлоочуларды жана башка шайлоо процессинин башка катышуучуларын добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат  менен тааныштырып  турат.  

Шайлоочулардын добуш берүүгө катышы  тууралуу алдын ала маалымат саат 12:00, 16:00, жана 20:00дө берилет.

КР БШК аппаратынын маалдыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>