БШКда Шайлоо системасынын Эл аралык фонду (IFES) өкүлдөрү менен жолугушуу болду

13 октября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 13-октябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Шайлоо системасынын Эл аралык фондунун   (IFES) өкүлдөрү  менен жолугушуу болду.

Жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары, БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов меймандарды алдыдагы  КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүгө арналган комплекстүү иш-чаралар менен тааныштырды.  

Кыргызстандагы Шайлоо системасынын Эл аралык фонду   (IFES) өкүлчүлүгүнүн директору  Рената Ливовски жигердүү кызматташтык  үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирип, мындан ары да биргелешкен жаңы долбоорлор менен иштөөгө даяр экенин билдирди.

 “Мен Кыргызстанда бир жылдан бери иштеп жатам, биздин кызматташуубуз өз ара пайдалуу нукта баратканына кубанычтамын. Биздин стратегиялык планыбызда биргелешкен көптөгөн иштерибиз бар. Борбордук шайлоо комиссиясындагы иш билги адамдар менен иштөө кандай жакшы,” -деп айтты ал. 

Эл аралык уюмдун улук  менеджери  Энтони Бойер Кыргызстанда 1994-жылдан бери иштеп келатканын белгиледи. “Биздин өнөктөшүбүз Борбордук шайлоо комиссиясы болуп калгандыгына  сүйүнүп турам. Шайлоо бүткөндөн кийин биз шайлоого байланыштуу өзүбүздүк комментарийибизди билдиребиз. Ошондой эле шайлоодон кийин мындан аркы пландарыбызды талкуулайбыз. Биз шайлоо комиссиялары менен кызматташуубузду жогору баалайбыз,” -деди  Э.Бойер.

Жолугушуунун акырында Шайлоо системасынын Эл аралык фонду   (IFES)   жана КР БШК ортосунда  кызматташуу мындан ары да жемиштүү болоорун билдиришти.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү