Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү

12 октября 2017

Бүгүн, 2017-жылдын 12-октябрында КР  БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоосун чагылдырууга карата   чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү тууралуу маселени  карады. 

Борбордук шайлоо комиссиясы чет элдик  ЖМКлардын кабарчыларын КР Тышкы иштер министрлигинен аккредитациядан өткөндөн кийин гана аккредитациядан өткөрдү. 

Бардыгы болуп Борбордук шайлоо комиссиясына 65 билдирүү келип түшкөн. Алардын ичинен 7 телекомпания, 7 радио, 5 гезит,15 интернет-басылма.

КР Президентин шайлоону чагылдырууга катышууга чет элдик ЖМК, интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү маселесин талкуунун жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 12-октябрындагы №514 токтому менен  чет элдик ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү боюнча тизмесин бекитти.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону чагылдырууга катыша турган чет элдик жалпыга маалымат каражаттарынын жана интерне-басылмаларынын тизмеси-бул жерде.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү