КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

12 октября 2017

КР БШК Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады
2017-жылдын 12-октябрындагы КР  БШКнын  жыйынында   Чүй облусунун  Сокулук районунун  Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө  чечим  кабыл алынды. 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 24-сентябрындагы № 466 токтому менен 2017-жылдын 11-октябрына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясына берилгендигине байланыштуу, шайланган жок.
Ушуга  байланыштуу 2017-жылдын 26-октябрында  саат 9:00дөн 12:00гө чейин Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  уюштуруп өткөрүү  милдети  Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына  тапшырылды.
 
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү