Кворумдун жоктугунан С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калды
11 октября 2017
Мурун, 2017-жылдын 14-июнундагы КР БШКнын №149 Токтому менен С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган.
2017-жылдын 3-июлунда айылдык кеңештин депутаттарынын кворуму жоктугуна байланыштуу С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калган.
2017-жылдын 6-июлунда КР БШКнын №206 Токтому менен С.Юсупов атындагы айыл өкмөт башчысын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган.
Ошол эле учурда 2017-жылдын 20-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоону токтото туруу жөнүндө С.Юсупов айылдык кеңешинин депутаттарынын КР БШКга Кайрылуусу келип түшкөн.
Кайрылууга ылайык, мурун 2017-жылдын 3-июлуна дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо өтпөй калган.
Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоодогу кворумдун болбой калышынын себеби, С.Юсупов айылдык кеңешинин депутаты Н.Алимовдун ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу боюнча териштирүү маселеси болду.
Териштирүү аяктагандан кийин, Ош облусунун Араван районундагы С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо мурунку талапкерлердин катышуусу менен 2017-жылдын 10-октябрына дайындалган.
С.Юсупов айыл өкмөт башчысын шайлоо депутаттардын кворумунун жоктугунан 2017-жылдын 10-октябрына дайындалган шайлоо өтпөй калды.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 6-пунктуна ылайык, тийиштүү айылдык кеңештин депутаттарынын белгиленген мөөнөттө айыл өкмөт башчысын шайлабай калган учурда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти айылдык кеңешти таратат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялайт.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
