Кара-Суу шаар мэри жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды

11 октября 2017

2017-жылдын  11-октябрында айрым айыл аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо өткөрүлдү.

2017-жылдын  3-сентябрында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.

Шайлоонун жыйынтыгы менен Кара-Суу шаар мэрин  жана айыл өкмөт  башчысын шайлоо  2017-жылдын 11-октябрында өткөрүү дайындалды.

Ошентип:

-Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаар мэри болуп К.Козубаев;

-Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Бекишев;

- Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо-районунун Тогуз-Торо айыл өкмөт башчысы болуп  У. Көчөрбаев;

-Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөт башчысы болуп Б. Ашырбаев шайланды.

 КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү