Башкы Жаңылыктар КР БШК Т.Солтобаевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин …

КР БШК Т.Солтобаевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды

10-Окт, 2017

КР БШКга «Nooruz.kg» уюмунун башкы директору  Т. Солтобаевдан (мындан ары–Арыздануучу) эки арыз келип түшкөн 03.10.2017-жыл жана 07.10.2017-жыл.

Т.Солтобаев  өзүнүн арыздарында kurch.kgи bagut.kg интернет-басылмасында “Бийлик  административдик күч колдонуп жатат деген – суу кечпеген сөз”, “Криминалды талкуулаган “НТС” кожоюн жанындагы “караларды көрбөйбү”, “Бабановдун үстүнөн 10 арыз түштү, БШК эми шайлоодон четтетеби”, “Эрин коркуткансыган” Төрөбаев эми эсине келдиби” деген аталыштагы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабанов  жөнүндө   жарыяланган материалдар чындыкка  туура  келбейт”-деп билдирет.

Өзүнүн койгон талаптарында Арыздануучу  КР БШК аты аталган массалык маалымат каражаты шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузгандыгын кароосун суранат. 

2017-жылдын 9-октябрында КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ берилген арызды маңызы боюнча карады. Арыздануучунун  далилдерин изилдөө жана аны обьективдүү карап чыгуу, ага баа берүү максатында Арыздануучунун катышуусунда  Жумушчу топтун  жыйыны өткөрүлгөн.

Жумушчу топтун жыйынында Арыздануучу өзүнүн арызын тастыктап жана  аталган  ЖМК тарабынан шайлоо мыйзамдарынын нормаларын бузууну карап берүүсүн суранган. Арыздануучу КР Президенти кызматына талапкер Ө.Бабанов жөнүндө жарыяланган материалдар чындыкка дал келбейт деп эсептейт. Бирок, Арыздануучу аталган материалдарда далилдерди ырастаган же жокко чыгарган жүйөлөрүн келтирген эмес. Арыздануучу  конституциялык мыйзам менен так аныкталган, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин  укугун коргогон  ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесине кирбегендигин белгилеп коюу керек. 

Конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине)  арыздар (даттануулар)  менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат.

Азыздар (даттануулар) жүйөлүү болуп, аларга негизделген далилдер  менен бирге берилүүгө тийиш.

Жумушчу топтун жыйынынын жүрүшүндө Арыздануучу анын кайсы шайлоо укугу бузулуп жаткандыгын түшүндүргөн жок, ошол эле учурда өзүнүн арызында талаптарын билдирген эмес, жарыяланган материалдарга негизделген башка ишенимдүү далилдерди келтире алган жок.  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-июлундагы №212-токтому менен бекитилген  “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын)  шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө Жобонун 1,9- пунктуна ылайык, шайлоо укуктарын бузуу жөнүндө арыздарды (даттанууларды) шайлоо процессинин субьектери (катышуучулары) өздөрүнүн шайлоо укуктары бузулгандыгы  жөнүндө өздөрүнө белгилүү болуп калган, чечимдер кабыл алынган  аракеттер (аракетсиздиктер) жасалган учурдан тартып токтоосуз түрдө тиешелүү шайлоо комиссияларына берилет. 

 Ыйгарым укугу жок адам тарабынан же болбосо ушул пунктта көрсөтүлгөн  арыз (даттануу) берүү мөөнөтүн бузуу менен берилген арызды (даттанууну) берген адамга кароодон баш тартуунун себептерин көрсөтүп, Жумушчу топтун жетекчиси кол коюп, коштогон кат менен үч календардык күндөн кечиктирбестен кайра кайтарылат.

 Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президенти жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттары жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесин жетекчиликке алып,  «Ченемдик укук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7, 18-беренесинин,  “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын)  шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө Жобонун 1,9 пункттарына ылайык, КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун 2017-жылдын 9-октябрындагы чечими боюнча КР БШК «Nooruz.kg» мекемесинин Башкы директору Т.Солтобаевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>