КР БШК төрагасы Бишкек шаарынын участкаларынын шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту

09 октября 2017

2017-жылдын 9-октябрында КР БШК төрагасы Н.Шайлдабекова Бишкек шаарынын аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи менен жолугушту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыйындын катышуучуларын шайлоо процессинин негизги этаптарынын жыйынтыгы, шайлоочуларды маалымат менен камсыз кылуу туурасында маалымат берди.

Жолугушууда  шайлоону уюштуруу-техникалык маселелери, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн  автоматтык саноо урнасынын технологиясын үйрөтүү, мамлекеттик,  укук коргоо жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өз ара аракеттери тууралуу маселе козголду.

Н.Шайлдабекова жыйындын катышуучулдарына  кайрылып, АШК жана УШКнын бардык кызматкерлеринин, адистеринин башкы милдети шайлоо учурунда мурдагыдай эле колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана нормаларын сактоо, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарт түзүү болуп саналат-деп белгиледи.

Ошондой эле Борбордук шайлоо колмиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн көптөгөн суроолоруна жооп берди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү