Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Билдирүүсү

03-Окт, 2011

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын    30-июнундагы № 916-V токтому менен  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына–жекшембиге дайындалган.

Шайлоо – бул жарандардын эркин билдирүү аркылуу мамлекеттик бийлик органдарын түзүү жана шайланган кызмат адамына ыйгарым укуктарды берүү ыкмасы. Эл өкүлдөрүн тандоонун натыйжалуу механизмин түзүү үчүн зарыл инструмент төмөнкүлөр болуп саналат: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - Шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзам) жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы (мындан ары – Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам), алардын негизинде алгачкы жолу мамлекет башчысын алдыдагы шайлоо жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы)  Кыргыз Республикасынын  Президентин шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Шайлоо комиссиялары жөнүндө Мыйзамдын 3-беренесине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын иш-аракетинин негизги кепилдиктеринин бири көз каранды эместик принциби болуп саналат: шайлоо комиссияларынын иш-аракетине мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар , анын ичинде саясий партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт. Мыйзамдын талаптарын аткарбаган учурда күнөөлүү жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

2011-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши пленардык жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Уметалиевага, С.Дыйкановго, Т.Колубаевге, А.Абышевге, У.Сооданбековго, К.Арабаевге, А.Айтикеевге карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын иш-аракеттери жөнүндө” маселени караган.

Бул маселени кароо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары өзүн өзү көрсөтүшкөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.Т.Тюлеев жана Бакир уулу Турсунбай тарабынан демилге кылынган. Муну менен  Н.Т.Тюлеев жана Бакир уулу Турсунбай Шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн нормаларын бузушкан, ал нормаларга ылайык көрсөтүүгө же шайланууга көмөктөшүүчү иш жүргүзүү үчүн өзүнүн кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга тыюу салынат.

Ошону менен бирге эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши алдыдагы шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө “административдик ресурс” деп аталуучу ыкманы колдонууну четтетүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону эркин, адилет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” 2011-жылдын 29-сентябрдагы токтомун кабыл алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы өз иш-аракетин мыйзамдуулук принцибинде жүргүзөт, мамлекеттик башка органдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши да өз иш-аракеттерин так ошол сыяктуу эле ишке ашырууга милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти болуп мамлекеттик тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат; Президенттикке талапкер болуп шайлоочулардын кеминде 30 миң кол тамгасын чогулткан адам катталышы мүмкүн. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билишин аныктоо жана Президенттин кызмат ордуна талапкерди аныктоо тартиби жана шарттары шайлоолор жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 51 жана 52-беренелерине ылайык бекемделген.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлер А.Айтикеевди, У.Сооданбековду, А.Абышевди, К.Арабаевди, С.К.Дыйкановду, Т.Ж.Уметалиеваны, Н.Тюлеевди, Т.Бакир уулун, Т.Колубаевди колдоого жарактуу кол тамгалардын санынын жетишпегендигине байланыштуу каттоодон баш тарткандыгын белгилейбиз.

Көрсөтүлгөн адамдар  доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылып, анын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер кылып аларды каттоодон баш тартуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү токтомдору жараксыз деп табылган жана жоюлган. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган чечимдерди негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейт жана аларга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттануу арыздарын берди.

Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөлдүк даттанууларын карап чыгып, Биринчи май райондук сотунун судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн чечимдерин күчүндө калтырган, мында биринчи инстанциядагы соттун эки чечимин өзгөрткөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлер соттордун чечимин туура эмес түшүнүп, каалаганды чындык катары кабыл алышып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын талаптарына кол шилтешүүдө, ал тургай коомчулукту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын атайлап жаңылыштыкка түртүшүүдө, массалык митингдер жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кылмыш иштерин козголушу мүмкүн экендиги менен коркутуп, Борбордук шайлоо комиссиясына болуп көрбөгөндөй кысым жасашууда, комиссияны мыйзамдарды бузуу менен аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттатууга умтулушууда.

Мында алар Борбордук шайлоо комиссиясын соттордун чечимин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимин аткарбай жатат деп күнөөлөшүүдө. Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна судьялардын чечимдерин түшүндүрүп берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган. Сот 2011 – жылдын 2- октябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорун жараксыз  жана жокко чыгарылды деген түшүндүрмө берген. Соттордун чечимдери борбордук шайлоо комиссиясын кандайдыр бир аракеттерди аткарууну милдеттендирбейт. Биринчи май райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык так ишке ашыруусун аныктаган.

Жогоруда баяндалгандарды эсепке алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы мамлекеттик органдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо комиссияларынын иштерине кийлигишүүгө жол бербөөгө чакырат.

Ар кандай  демократиялык өлкөдө бузулгус эреже бар: саясый күрөш колдонуудагы мыйзамдардын алкагында, цивилдүү формаларда оппонеттердин укуктарын сыйлоо менен жүргүзүлүшү керек. Мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер шайлоо кампаниясынын мезгилинде добуш берүү жана добуштарды саноо, ошондой эле шайлоолордун жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде өздөрүнүн саясый максатына тынчтык жолу менен, мыйзамдуу, күч колдонбогон ыкмаларды гана пайдаланууга милдеттемелерди алуулары зарыл.

 Акыр аягында ким Кыргыз мамлекетинин башчысы болуп калаарын шайлоочулар гана чече  алышат.

 

                   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>