Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунованын арызын жарым-жартылай канааттандыруу чечимин кабыл алды

07-Окт, 2017

КР БШКга  (мындан ары–Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунова (мындан ары – арыз ээси) 2017-жылдын 3-октябрындагы  № 01-12/2570 арызы менен кайрылды.

Арыз ээси 2017-жылдын 3-октябрында МК «Азия» газетасынын интернет-сайтына (http://www.mk.kg) «Сариев канча турат?» деген баш сөз менен макала жарыяланган деп көрсөтөт.

Арыз ээси МК «Азиянын» редакциясы чындыкка коошпогон, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ар-намысына жана кадыр баркына шек келтирген маалыматты таратып жатат деп ырастайт.

Арыз ээси интернет-басылма тараткан маалыматтар терс болуп саналат жана шайлоочулардын талапкерге карата мамилесине таасир этүү максатын көздөйт. Ал гана эмес, жогоруда көрсөтүлгөн макалада жасалган бардык ырастоолор жана тыянактар же чындыкка коошпойт, же болбосо атайылап чындыкты бурмалайт-деп билдирди.

Арыз ээси «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүнөылайык, МК «Азияны» «Сариев канча турат?» деген макалага расмий төгүндөөнү жарыялоого милдеттендирүүнү жана билип туруп жалган маалыматтарга негизделген жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ар-намысына, кадыр-баркына жана иштиктүү аброюна зыян келтирген макаланы жарыялагандыгы үчүн МК «Азиянын» аккредитациясын кайра чакыртып алууну өтүнөт.

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелеринин сакталышына контролдук кылуу боюнча жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топтор) биргелешкен отурумунда МК «Азия» газетасынын башкы редактору А.Банников, бул макалага тиешем жок, бул аракетти МК «Азия» газетасынын редакциясынын кызматкерлери жана журналисттери жасаган жок деп түшүндүрдү.

А.Банников МК «Азия» газетасы менен www.mk.kg интернет сайтынын, башкача айтканда, «MK RU» ортосунда франчайзинг келишими жок, МК «Азия» газетасы менен «MK RU» интернет сайты ар башка ресурстар деп билдирди. «MK RU Киргизия» бул «MK RU» интернет ресурсундагы бет, МК «Азия» газетасы материалдарды жөнөтөт, ал эми «MK RU» жарыялайт, ал Россия Федерациясынын Москва шаарында жайгашкан.

А.Банников «MK RU» интернет ресурсу Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн аккредитациядан өткөн эмес деп түшүндүрдү жана борбордук уюмга көрсөтүлгөн материалды алып салуу жана бул макалага төгүндөөнү жайгаштыруу үчүн интернет-сайтта орун берүү өтүнүчү менен кайрылууга даяр экенин билдирди.

Жумушчу топтор арызды, «MK RU» интернет-сайтындагы макаланы карап, арыз ээсин, МК «Азия» газетасынын башкы редактору А. Банниковду  угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып  Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунованын даттануусу жарым-жартылай канааттандырылсын, МК «Азия» газетасынын башкы редактору www.mk.kg интернет-бетине жайгаштырылган «Сариев канча турат?» деген материалды алып салсын жана төгүндөөнү жарыяласын деген тыянакка келди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө
18-Ноя, 2026

Кыргызстанда шайлоо системасы жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүүдө

Бүгүн, 18-ноябрда, өлкө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында шайлоо инфраструктурасын жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө. Президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.Тестирлөө өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогун, ошондой эле Бишкек шаарындагы «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан аралыктан добуш берүү участогун камтыйт.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров аталган участокко барып, аралыктан добуш берүү тартибин көрсөтүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.Тестирлөөнүн негизги максаты — шайлоо инфраструктурасынын жана техникалык жабдуулардын алдыдагы президенттик шайлоого даярдыгын текшерүү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду
17-Ноя, 2026

КР БШКсы Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобу менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШКнын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБШТБ) менен Rise Up Kyrgyzstan жаштар демилгелүү тобунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Кызматташтык «Жаштардын тандоосу - келечек биздин колубузда» аттуу билим берүү демилгесин ишке ашырууга багытталган.Программа студенттердин жарандык жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана медиасабаттуулугун өнүктүрүүгө багытталган. Ал 2026-жылдын 18-ноябрынан 18-декабрына чейин Бишкек шаарында өткөрүлүп, борбор калаадагы сегиз жогорку окуу жайынан 40 студентти камтыйт.Катышуучуларды шайлоо мыйзамдары, шайлоо укуктары жана добуш берүү жол-жоболору боюнча лекциялар, семинарлар жана практикалык сабактар, ошондой эле медиасабаттуулук жана жалган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча тренингдер күтөт. Программанын жыйынтыгында университеттер аралык сынак өткөрүлүп, анда студенттерден түзүлгөн сегиз команда өз демилгелерин сунуштайт.Бул жаштар демилгесинин автору жана демилгечиси - Rise Up Kyrgyzstan тобу. Анын өкүлдөрү демилгенин концепциясын иштеп чыгып, иш-чаралардын календардык планын даярдап, кызматташуу сунушу менен КР БШКга кайрылышкан.Меморандумга БШКнын алдындагы ЖБШТБнын директору Анара Бейшембаева жана Rise Up Kyrgyzstan тобунун жетекчиси Нурмира Мурзакматова кол коюшту.«Жаштардын шайлоо процесси тууралуу билимин кеңейтүүгө болгон умтулуусун кубаттайбыз. Бул демилгенин өзгөчөлүгү - аны жаштардын өздөрү иштеп чыгышкан. Борбор зарыл болгон эксперттик жана усулдук колдоо көрсөтүүгө даяр», - деп белгиледи А. Бейшембаева.«Жаштар ишенимдүү маалымат алып, өздөрүнүн жарандык укуктары менен милдеттерин билип, коомдук турмушка аң-сезимдүү катышуусу биз үчүн маанилүү. Биздин демилгебиз колдоо тапканына кубанычтабыз», - деп баса белгиледи Н. Мурзакматова.2026-жылдын ноябрь айында Rise Up Kyrgyzstan тобу аталган демилгени Берлин шаарында өткөн Germany & Central Asia 2027 эл аралык форумунда да тааныштырган. Германиянын Copernicus Berlin уюму демилгеге кызыгуу билдирип, аны эл аралык аудиторияга чыгарууга сунуштаган.Тараптардын кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуулук, өз ара урматтоо, ачыктык жана саясий бейтараптуулук принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Демилге билим берүү мүнөзүнө ээ.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам ат салышууда.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>