КР БШК жамааты Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин, трагедиялуу каза болушуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтуусун билдирип, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт
07 октября 2017
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин, трагедиялуу каза болушуна байланыштуу жакындарына жана туугандарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууну билдирип, орду толгус кайгысын тең бөлүшөт.
Темир Курмангазиевич мамлекеттин чыныгы патриоту, өз ишинин профессионалы жана моралдык жогорку принциптеги адам болгон. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат.
Биз Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин, жардамчысы Жамгырчиев Нурлан Эриковичтин жана айдоочусу Муканов Нурбектин жакындарына жана туугандарына, үй-бүлөлөрүнө орду толгус жоготууларына байланыштуу чын ниеттен көңүл айтып, ушул оор күндөрү, терең кайгыруу менен азаларын тең бөлүшөбүз.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты
