Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди

07 октября 2017

2017-жылдын 7-октябрындагы КР БШК жыйынында айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды

Берген арызынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Р.Сарбаев Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунун чыгарылды.

Берген арызынын негизинде “Республика” саясий партиясынан Д.Жороева комиссиянын резервинен чыгарылды.

“Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Ч.Койгельдиева резервден чыгарылып комиссиянын тутумуна киргизилди.

Берген арызынын негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан А.Шейшенов Москва аймактык шайлоо комиссиясынын тизмесинен чыгарылды.

Берген арызынын негизинде “Акшумкар” саясий партиясынан К.Осмонкулова комиссиянын резервинен чыгарылды.

“Кыргызстан социал-демократиялык” саясий партиясынан Б.Тазабекова резервден чыгарылып комиссиянын тутумуна киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү